Караколдо «Relax-Inn» инновациялык мейманкана комплекси курулат

Бүгүн, 22-майда, Каракол шаарында «Relax-Inn» мейманкана комплексин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) макулдашуусуна кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Документке Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, «Ысык-Көл» бирдиктүү башкаруучу компаниясы» мамлекеттик ишканасы жана «Кедра» ЖЧКсы кол коюшкан. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн DBFOMT модели аркылуу ишке ашырылат.
Маалыматка ылайык, инвестициянын жалпы көлөмү 5 млн долларды түзөт. Каражат толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланат. Долбоордун алкагында 100–200 орундуу, энергияны үнөмдөөчү технологиялар менен жабдылган заманбап мейманкана, ден соолукту чыңдоочу жана ишкердик жайлар курулат.
Ошондой эле жеке өнөктөш Каракол шаарында кризистик борбор куруп, аны мамлекетке акысыз өткөрүп берүү милдетин алат.