Айдоочу унаасы менен Чүй каналына түшүп кетип, каза болду

Айдоочу унаасы менен Чүй каналына түшүп кетип, каза болду

Бүгүн, 7-августта Чүй районунун Шамшы айылына жакын жерде айдоочу унаасы менен Чоң Чүй каналына түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык айдоочу унааны башкара албай сууга түшүп кеткен. Окуя жерине куткаруучулар менен суучулдар барып, айдоочу менен унааны суудан чыгарышкан.

Каза болгон жарандын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Каза болгон айдоочунун аты-жөнү такталган. Ал 30 жаштагы Ш.М. аттуу жаран болуп чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>