Аймактарда жети ишкер айым 10 миң долларга чейин инвестиция алат

Аймактарда жети ишкер айым 10 миң долларга чейин инвестиция алат

Түштүк аймактарынан жети ишкер айым 10 миң долларга чейин инвестиция алат. Бул тууралуу Accelerate Prosperity фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн аптада Accelerate Prosperity фонду өлкөнүн түштүк аймактарында бир жарым айга созулган ишкер аялдар үчүн бизнес-инкубациялоону аяктады. Дээрлик 200 инкубациялык өтүнмөлөрдүн ичинен 27 катышуучу бизнес көндүмдөрүн окутуу жана питчинг даярдоо үчүн тандалып алынган.

Программанын жыйынтыгында инвестициялоо үчүн 7 компания тандалып алынган: «Алча» жарым фабрикаттары (Ош шаары), «Смарт мектеп» (Кара-Суу району), «Роза» конок үйү (Казарман), «Бонсай суши жана пицца» (Ош шаары), «Арт» мейманканасы (Ош ш.), «Адинова» нан кондитердик студиясы (Ош шаары), “Wool carpets” (Нарын).

Инкубация учурунда катышуучулар өздөрүнүн бизнес трекерлери менен иштешишти, маркетинг, питчинг жана салыктар тармагындагы эксперттер алар үчүн сессияларды өткөрүштү. Инкубациялоонун жыйынтыгы боюнча программанын катышуучулары максаттуу аудиториясын аныктап жана изилдеп чыгышты, рыноктун көлөмүн талдап жана өз продукциясын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгышты, өз продукциясын рекламалоо инструменттери менен таанышып, бизнес процесстерин өркүндөтүштү.

Accelerate Prosperity фондунун коммуникациялар боюнча менеджери Нурайым Рыскулованын айтымында, бул инкубация аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, жаңы ишканаларды ачууга түрткү берет.

«Биздин инкубациялоо программабыз ишкерлердин бардык муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн канааттандырууга багытталган. Биз алардын темалар боюнча суроо-талаптарын эске алып, сапаттуу өсүш үчүн керектүү нерселердин бардыгын камсыз кылууга аракет кылдык», — дейт ал.

«Программа жана адистер, психологдон баштап финансылык сабаттуулук боюнча адистерге чейин, биз үчүн эң сонун тандалган. Инкубация учурунда Wool carpets ишканасынын сатуу көлөмү беш эсеге өстү, ошондой эле биз дүйнө жүзү боюнча жөнөтө турган жаңы продукт иштеп чыктык», — дейт шырдак чыгарган Wool carpets ишканасынын негиздөөчүсү Мээрим.

Accelerate Prosperity фонду андан тышкары дагы 5 компанияга техникалык колдоо көрсөтөт: Айкөл жарым фабрикаттары (Кара-Кулжа району), Урматай билим берүү борбору (Чоң-Алай району), Нарын Даамы жарым фабрикаттары, Bem Create handmade сумкалары (Ош шаары), IT Code программалоо курстары (Жалал-Абад шаары).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>