Айтмамат Назаров: Энергетиктердин бардыгы эле жемкор эмес

Айтмамат Назаров: Энергетиктердин бардыгы эле жемкор эмес

Бишкек ЖЭБнин чуусунан  кийин эл энергетиктерди укканда жемкорлорду элестетишет. Мындай пикирин Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Аймамат Назаров билдирди. Бул тууралуу «Акчабар» финасылык порталы жазды.

Назаров өзүн «энергетикмин» деп айтуудан уяла турганын белгиледи.

 «Мен өзүмдү энергетикмин деп айткандан уялам, себеби  энергетикмин десем эле, эл мени жемкор деп ойлошот. Энергетика тармагында 16,5 миң адам иштейт. Булар – жемкорлор эмес. Булар таза жана өзүнүн ишинин чыныгы адистери. Бирок муну менен катар абоненттер өз алдынча келишим түзүп алып, электр энергия уурдаган кызматкерлер дагы жок эмес. Булар – коррупционерлер. Биз коррупция менен күрөшүүгө бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Аларды жумуштан кетирүү же абакка отургузуу – бул маселени чечүү эмес. Коррупцияга чейинки иштерди жасап, жемкорлук менен күрөшсө болот», — деди ал.

Мындан тышкары Айтмамат Назаров кадр саясатында тогуз бөлүштүрүү компанияларынын алтоосунун жетекчилерин алмаштырганын кошумчалады.

«Мен энергохолдингке келген күндөн тарта, алты жекечини алмаштырдым. Өзүм энергетик эмесмин, бирок жетекчилик кызматка – өз кесибин мыкты адистерин алдым», — дейт  Назаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>