Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Айпери Медет кызы Бишкектеги мелдеште жеңишке жетип, Азиянын эки жолку чемпиону болду (видео)
13.04.2024 | 21:21
Балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде алтын утуп, Азиянын эки жолку чемпиону болду.
Финалда ал кытайлык Юаньюань Хуанг менен күч сынашып, аны 10:7 эсебинде жеңди.
Бул жеңиши менен Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду. Буга чейин ал Азия биринчилигинде бир ирет алтын, үч жолу күмүш байге уткан.
Эскерте кетсек, буга чейин кыз-келиндерден Арууке Кадырбек кызы (55 кг) менен Гүлнура Таштанбекова (68 кг) коло утту.