Кыргызстанда январь айында кандай аба ырайы күтүлөт?

Кыргызстанда январь айында кандай аба ырайы күтүлөт?

Кыргызгидромет 2024-жылдын январь айына карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын болжолун жарыялады..

Абанын айлык орточо температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө климаттык нормадан 1 градус жогору, Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо климаттык нормадан 1 градус жогору болушу күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын орточо температурасы -3…-5 градус болот. Январь айынын аралыгында түнкүсүн -2…-7 градустан -10…-15 градуска чейин суук болору болжолдонгон. Ал эми күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жылуу болот. Айрым күндөрү Чүйдө түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Кемин өрөөнүндө жана тоо кыркаларында абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градустан -12…-17 градуска чейин суук болсо, күндүз -4…+1 градустан +2…+7 градуска чейин жылыйт.

Талас облусу

Бул аймакта абанын орточо температурасы январь айы ичинде -4…-6 градус суук болот. Ай аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 жана -10…-15 градустун ортосунда турат. Күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жылуу болушу болжолдонууда. Ай ичинде түнкүсүн суук -16…-21 градуска жеткен күндөр да болот, күндүз -2…-7 градус суук болушу мүмкүн.

Ош облусу

Январь айында абанын орточо температурасы -1…-3 градус суук болот, тоолуу райондордо -3…-5 градус болору болжолдонгон. Ай ичинде бул облуста абанын температурасы түнкүсүн -3…+2 градустан -4…-9 градустун тегерегинде кармалат. Күндүз 0 градустан +13 градуска чейин жылыган күндөр болот.

Ош облусунун тоолуу аймактарында жылдын биринчи айында абанын температурасы түнкүсүн -1 градустан -14 градуска чейинки температурада болот, күндүз -4 градустан +10 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абадда январда абанын орточо температурасы -1…-3 градус болот, ал эми тоолуу аймактарда абанын муздактыгы 3…-5 градус болору болжолдонгон.

Ай ичинде түнкүсүн абанын температурасы -3 …+2 градус менен -4…-9 градустун айланасында болот. Күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.

Токтогул районунда түнкүсүн абанын температурасы -1…-6 жана -8…-13 градустун ортосунда болсо, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Баткен облусу

Баткен облусунда абанын орточо температурасы -1…-3 градус, ал эми тоолуу аймактарында -3…-5 градус муздак болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2 жана -4…-9 градустун тегерегинде болот, күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми облустун тоолуу аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -1 градустан -14 градуска чейин муздайт. Күндүз болсо -4 градустан +10 градуска чейин күндүн жылышы күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо температурасы -1…-3 градусту түзөт, ал эми облустун чыгыш тарабында суук -5 градустан -7 градуска чейин жетет. Түнү -1 градустан -12 градуска чейин суук болот. Айрым күндөрү абанын температурасы -13…-18 градуска чейин муздак болушу мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 0…-5 сууктан +1…+6 градустун ортосунда болушу күтүлүүдө.

Нарын облусу

Январь айында абанын орточо температурасы -13…-15 градус болору болжолдонгон, ал эми Кочкор районунда -7…-9 градус суук болушу мүмкүн.

Бир ай аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -9 градус сууктан -23 градуска чейин түшөт. Күндүз ал -1 градустан -12 градуска чейин болот. Ал эми Ат-Башы районунда түнкүсүн -25тен -30 градуска чейин суук болот, күндүз аталган райондо абанын температурасы -13 градустан -18 градуска чейин муздайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>