Мектепке күчүк алып келип, тил уккан окуучу. Министрлик эмне дейт?

Мектепке күчүк алып келип, тил уккан окуучу. Министрлик эмне дейт?

Билим берүү жана илим министрлиги мектепте күчүк алып келгени үчүн окуучунун мугалимден тил угуп жатканы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, аталган окуя 13-февралда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Б.Айтматов атындагы №5 гимназия-мектебинде II сменанын биринчи сабагында болгон.

«4-класстын окуучусу күчүк алып келгендиктен класс жетекчиси А.З. бир аз урушуп, соцпедагогду чакырган. Ал окуучуга мындай нерсени башка кайталабоону эскертип, директорго алып кирген. Андан кийин окуучунун колун жуудуруп, класска киргизген.

Видеодогу көрүнүшкө жол бергени үчүн аталган мектептин директоруна жана соцпедагогуна эскертүү, ал эми видеону тарткан мугалимге жана окуучуга орой мамиле жасаган мугалимге катуу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Учурда бул окуя боюнча аймактык администрация тарабынан да териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдирет министрлик.

Министрликтен белгилешкендей, видеодогу куралчан адам коопсуздук кызматкери эмес. Ал Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими болуп саналат. Мугалим сабактан чыгып бара жаткан учурда видеого түшүп калган.

Эскерте кетсек, аталган видео социалдык тармактарга тарагандан кийин окуучуну урушуп жаткан мугалимдер сынга кабылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>