Айзаданын иши: Адам өлүмү үчүн төлөнгөн кенемтенин көлөмү канча?

Айзаданын иши: Адам өлүмү үчүн төлөнгөн кенемтенин көлөмү канча?

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча соттолгондордун биринин туугандары кенемте төлөп берген. Бул тууралуу Reporter.kg′ге жактоочу Нурбек Токтакунов 10-августта билдирди.

Анын айтымында, алар учурда Жогорку соттон моралдык зыян үчүн ар бир кылмышкерден 100 миң сомдон кенемте өндүрүп берүүсүн өтүнүүдө.

“Соттор жабырлануучуга 100 миң сомдон көп берилбеш керек дейт. Ал эми мыйзамда ар бир кылмышкерден 100 миң сомдон көп алынбайт деп айтылат. Сот 100 миң сомду 5 кишиге бөлүп жатат. Ал эми биз ар бири 100 миң сомдон төлөп берсин деп жатабыз”,  —  деди ал.

Анын айтымында, соттолгондордун бири Сыймык Молдосариевдин туугандары күнөөлөрүн мойнуна алып, өз алдынча кенемте төлөшкөн.

“Анын туугандары  күнөөлүүбүз деп кенемтени төлөп берген. Ал эми калгандары “билгениңерди кылып алгыла” деп жүрүшөт”, — деди ал.

Токтакунов Молдосариевдин кем акыл деген диагнозу бар болгондуктан, аны мурда эле камоонун кереги жок экенин айтышканын билдирди.

“Тергөөнүн убагында эле аны камоонун кажети жок экенин айтканбыз. Тергөө абагында отурганы эле ага жаза болду. Ал тиги балдардын таасиринде калып, ал балдардан корккондуктан катышкан”,  — деди ал.

Бүгүн, 10-августта Жогорку сотто Айзада Канатбекованын иши боюнча апелляциялык арыз каралмак. Бирок эки соттолуучунун жактоочусу келбегендиктен, отурум 16-августка жылдырылды.

Эскерте кетсек, былтыр 5-апрелде Айзада Канатбекованы топ балдар унаага салып уурдап кеткен. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган.

Айзаданы уурдоого катышкан адамдар кармалып, аларга иш козголгон. Сентябрь айында Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан Ажикабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев жана Орузбек Нурумбетов 7 жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов 6,5 жылга эркинен ажыратылган.

Андан тышкары соттун өкүмүнө ылайык, айыпталып жаткан тарап Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп бермекчи болгон. Соттун бул өкүмүнө макул болбогон жактоочу кийинки сот инстанциясына апелляция менен кайрылган.

Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча чара көрбөй, шалаакылык кетирген Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине да иш козголгон. Бирок милиция кызматкерлери тартиптик жаза менен гана чектелип, четинен ишке кайтып келе баштаган.

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымында, милиция кызматкерлерине ачылган иш мурда эле токтотулган. Ошол эле учурда коомчулук жана Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова шалаакылык кетирген милиция кызматкерлерин да кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча президентке кайрылган.

Былтыр Айзада Канатбекова уурдалганда президент Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>