Айжан Чыныбаева «Билим берүүдөгү лидер аял» сыйлыгын алды

Айжан Чыныбаева «Билим берүүдөгү лидер аял» сыйлыгын алды

Eco Demi коомдук фондунун башчысы Айжан Чыныбаева Эл аралык кесипкөй билим берүү жана окутуу ассоциациясынын «Билим берүүдөгү лидер аял» («Women Leaders in Educational Excellence») сыйлыгын алды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди.

Чыныбаеванын айтымында, аталган сыйлык ага ыйгарылганы тууралуу быйыл 6-7-мартта Ирландиянын Дублин шаарында өткөн «Futureland. Next Generation Education» эл аралык конференциясында белгилүү болгон. Бул конференцияга дүйнөнүн булуң-бурчунан келген билим берүү уюмдарындагы лидерлер, алдыңкы адистер, окумуштуулар катышкан.

Быйыл мартта тапшырылган сыйлык Айжан Чыныбаеванын колуна азыр тийген.

Эл аралык ассоциациясы тапшырылган сыйлык боюнча «Айжан Чыныбаева билим берүүдөгү аял лидер деп табылып, эл аралык деңгээлде билим берүү жана сапат маданиятына кошкон зор салымын белгилөө менен «Women Leaders in Educational Excellence» сыйлыгы ыйгарылды» деп белгилеген.

Сөз аягында Айжан Чыныбаева өзү жана анын Eco Demi командасынын эко билим берүү тармагындагы ишмердигин баалаган ассоциацияга ыраазычылык билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>