$80 миң акчабыз тонолду деп жалган айткан кытайлыктар кармалды

$80 миң акчабыз тонолду деп жалган айткан кытайлыктар кармалды

Бишкекте 80 миң доллар акчабызды белгисиз адамдар тоноп кетти деп милицияга жалган маалымат менен кайрылган Кытайдын 2 жараны кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 24-апрелде милицияга Ч.В. аттуу Кытайдын жараны кайрылып, Фрунзе көчөсүндөгү сейил бакта белгисиз адамдар коркутуп, 80 миң доллар акчасын тоноп кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бирок иликтөө иштеринин жүрүшүндө милицияга кайрылган жаран жалган маалымат бергени, эч кандай кылмыш болбогондугу аныкталган.

Ага байланыштуу аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) алмаштырылып, шектүү катары 40 жаштагы Ч.В. (милицияга арыз жазган адам) жана анын шериги 37 жаштагы Х.Ш. аттуу Кытайдын жарандары кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>