Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Махмудов баштаган балбандар дүйнө чемпионатына даярданууда
17.08.2023 | 14:27
Грек-рим күрөшү боюнча балбандар дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, балбандар эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Россиянын Владикавказ шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.
Окуу-машыгуулар 9-август күнү башталган, 23-августка чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
- 60 кг – Жоламан Шаршенбеков;
- 67 кг – Амантур Исмаилов;
- 67 кг – Раззак Бейшекеев;
- 77 кг – Акжол Махмудов;
- 87 кг – Атабек Азисбеков;
- 87 кг – Азат Салидинов;
- 97 кг – Үзүр Жусупбеков;
- 97 кг – Бексултан Махмудов;
- 130 кг – Роман Ким.
Курама команданын машыктыруучулары:
- Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;
- Азат Эркинбаев – башкы машыктыруучу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз