Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Ак-Буура дарыясына 2 адам унаасы менен кулап, бири каза болду
11.07.2019 | 11:54
Ошто Ак-Буура дарыясына унаасы менен түшүп кеткен эки адамдын бири аман калып, экинчиси каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык 10-июль күнү саат 12:00 чамасында болгон. Дарыяга кулаган “ ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунада 28 жана 18 жаштагы экм адам Папан айыл өкмөтүнүн Кожокелең айылынын тургундары болгон. Унаанын айдоочусу 28 жаштагы жигит суудан чыгууга жетишкен. 18 жаштагы жүргүнчү агып кеткен.
Аны издөө үчүн Папан айыл өкмөтүнөн бир экскаватор, 8 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана 30га жакын жергиликтүү тургун тартылган. Маркумдун сөөгү Алчалуу айылына жакын жердеги Ак-Буура дарыясынан табылып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Окуялар