Акаев: Сөз эркиндигин эч бир бийлик күч менен баса албайт

Акаев: Сөз эркиндигин эч бир бийлик күч менен баса албайт

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы сөз эркиндигине болгон кысым деп баалап, пикирин Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

«Иликтөөчү журналист Болот Темировго жасалган бүгүнкү окуя тыкыр иликтениши керек жана бул факты ачык коом курабыз деген бийликтин аракетине чоң көлөкө түшүрдү! Темиров эмне жоон топ спецназ келип кармачу Кыргызстандагы эң кооптуу кылмышкерби? Мыйзам бузса, мыйзамдын алкагында чакыруу берип, суроо сопкут кылса болбойт беле? Кыргызстанда жалгыз мактанаарыбыз сөз эркиндигибиз жана эркин коом. Алар иликтеген материалдар коррупция менен күрөшүү ниети бар бийликке пайдасы гана тиет. Басма сөз эркиндигин эч бир бийлик күч менен баса албайт. Буга чейинкилери да, азыркылар да, мындан кийинкилер да! Ошондуктан, акыл калчап, эркин журналистти бошотуп, сын айткандын баарын душман көрбөй айкөлдүк принциби менен иш алып баруу зарыл. Болоттун кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсүндөй болуп орой кармалышы, башка иликтөөчү журналисттерди чочутат. Бул ишти сөзсүз комиссия иликтеши керек жана мындай өзүм билемдик кылгандар жоопко тартылыш керек, кийин эркин медиага, журналисттерге мындай өкүмзор мамиле жасалбагандай болсун!»- деди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>