Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Мирлан Самыйкожо: Темиров террорист эмес
23.01.2022 | 02:14
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өз пикирин билдирди.
“Журналист Болот Темировду “каракчыны” кармагандай кылып күч органдары менен алып кетиши аша чапкандык! Коомго чукул коркунуч жарата турган кылмыш жасоо аракетине далили болсо жоон топ күч менен кармашса макул дейт элек. Биздин билишибизче Темиров анчалык деле коркунучтуу жаран эмес болчу. Эми кандай болгон күндө дагы бул иш тыкыр иликтениши керек. Эгер, сөз эркиндигине кысым боло турган болсо бул кашкайган ката! Сөз эркиндигин чектейбиз дегендер өз эркиндигине залалы тийип калганын тарых тастыктап келет…”- деп пост жазды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат