Кыргызстанда ШахБокс федерациясы түзүлдү. Жаңы спорттун түшүндүрмөсү

Кыргызстанда ШахБокс федерациясы түзүлдү. Жаңы спорттун түшүндүрмөсү

Кыргызстанда ШахБокс боюнча федерация түзүлдү. Бул тууралуу 12-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында аталган федерациянын президенти Абасбек Доромбаев билдирди.

Анын айтымында, жакында алардын федерациясы Дүйнөлүк ШахБокс уюмуна мүчө болуп кирген.

 

Абасбек Доромбаев белгилегендей, ШахБокс — шахмат менен боксту айкалыштырган спорттун түрү. Ал 2004-жылы Германияда пайда болуп, алгачкы дүйнө чемпионаты Нидерландда өткөн.

ШахБокстун эрежесине ылайык, таймаш 11 раунддан турат. Анын алтоо шахмат, бешөө бокс боюнча өтөт. Шахмат боюнча беттеш 4 мүнөткө, бокс боюнча беттештер 2 мүнөткө созулат. Спортчулар мээлей алмаштыруу үчүн өзүнчө убакыт берилет. Беттештин 1-раунду бокс менен башталат.

Таймаштын жүрүшүндө шахматтан мат койгон же бокстан атаандашын нокаутка кетирген спортчу жеңишке жетет. Башкача айканда, спортчу атаандашын бокстан же шахматтан утуп алса болот. Ошол эле учурда, спортчулар тең чыккан учурда, жеңиш шахматтан кара фигуралар менен ойногон спортчуга берилет.

Бул спорттогу мелдештерде атаандашына бокстон утулуп жатып, шахматтан жеңген же шахматтан жеңилип, бокстан утуп алган учурлар болот.

Учурда Кыргызстанда ШахБокс менен алектенген бир спортчу бар.

Быйыл 4-7-июнда Калькуттада өтө турган Азия биринчилигине Кыргызстандан эки спортчуну жөнөтүү пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>