АКШ Украинага 40 млрд доллар берет

АКШ Украинага 40 млрд доллар берет

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардам берүү үчүн 40 миллиард доллар бөлүү сунушталган мыйзам долбоорун жактырды.

Бул сумманын 15 миллиард долларга жакынына украин армиясына курал-жарак жана аскердик техникалар сатылып берилет. 14 миллиард доллар украиналык качкындарга гуманитардык жардам берип, колдоо көрсөтүүгө бөлүнөт. 5 миллиард доллар согуш башталгандан кийин украин буудайы менен жүргөрүсүнүн экспортунун токтоп калышынын кесепеттерин жоюуга жумшалат.

Конгресстин төмөнкү палатасында сүйлөгөн Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси АКШ Украинаны колдоо менен демократиянын диктатурага каршы күрөшүн колдоп жатканын билдирди: «Демократия жеңишке жетиши керек. Украин эли демократия үчүн, анын ичинде биздин демократия үчүн да күрөш жүргүзүп жатат».

Добуш берүүнүн алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен коргоо министри Ллойд Остин Конгресске кат жолдоп, Украинага жардам берүү үчүн буга чейин бөлүнгөн каражат дээрлик түгөнгөнүн белгилеп, депутаттарды мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырышкан.

Конгресс ушуну менен Орусия Украинага кол салгандан бери Киевге жардам катары экинчи жолу ири суммадагы каражат бөлүп берүүдө. Мартта америкалык мыйзам чыгаруучулар бул максат үчүн 13,6 миллиард доллар бөлүү сунушун жактырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>