УКМК мурдагы министрдин иши боюнча маалымат берди

УКМК мурдагы министрдин иши боюнча маалымат берди

Мурдагы мамлекеттик мүлк министри Т.Т.О. жана  Мамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. карата кылмыш иши уланууда. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 23-июнунда аталган эки жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу) негизинде жана “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКсынын башка жооптуу адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын 12-декабрында кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) кайра квалификацияланган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>