Акыйкатчы: Майыптар үчүн 5%дык квотаны мамлекеттик органдар аткарбай жатат

Акыйкатчы: Майыптар үчүн 5%дык квотаны мамлекеттик органдар аткарбай жатат

Майыптар үчүн беш пайыздык квотаны мамлекеттик органдар аткарбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын системалуу көйгөйлөрү чечилбей келет.

«Инфраструктура жетишсиз, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомдук транспортко түшө алышпайт. 18 жаштан кийин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке жардамчысы жок. Бойго жеткенде алар баспайт, чуркабайт, ошондуктан алар өмүр бою кам көрүүгө муктаж. Азыр бул маселени президент чечип жатат деген маалымат бар. Менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканаларда, ошондой эле мамлекеттик органдарда инвалиддер үчүн жумуш орундарынын жалпы санынын 5 пайызы бөлүнүшү керек. Бул талап жада калса мамлекеттик түзүмдөрдө да аткарылбай келет»,-дейт Атыр Абдрахматова.

Парламент Акыйкатчы институтунун 2019, 2020 жана 2021-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун угууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>