А.Бейшеналиев үч орун басарын иштен алдыбы? Министрдин жообу

А.Бейшеналиев үч орун басарын иштен алдыбы? Министрдин жообу

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-майда Германиядагы иш сапарынан Кыргызстанга кайтып келди.

Буга чейин министр Женевадагы (Швейцарияда) Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 75-сессиясына катышканы маалымдалган.

Министр иш сапардан келген соң Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигинин пленардык жыйынына катышты.

Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин анын отставкасын талап кылган орун басарлары боюнча: “Иш сапардан келсем, биринчи кезекте үч орун басардын ээлеген кызматтарына ылайыктуулугу тууралуу маселени карай турган болдум”, — деп айткан.

Бул тууралуу комментарий берип жатып, министр: “Орун басарларымды мен иштен бошото албайм. Аларды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гана кызматтан ала алат”, — деп билдирди.

Буга чейин министр Германиядан орун басарларына жооп кайтарган болчу. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>