Акылбек Жапаров дагы бир кызматты түздү

Акылбек Жапаров дагы бир кызматты түздү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы бир кызматты түздү.

Ал кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик мекемелерде ички аудиттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына финансылык көзөмөлдү күчөтүү жана мамлекеттик активдердин сакталышын камсыз кылуу максатында ички аудит кызматы түзүлдү. Кызмат мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудит кызматтарына ээ болууга милдеттүү болгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн базасында түзүлгөн.

Кызмат төмөнкүлөрдү аткарат:

кызматтын ички аудит стандарттарын, этикалык стандарттарды жана ички аудиттин методологиясын сактоосуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо;

ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо боюнча курстарды уюштуруу.

Финансы министрлигине төмөнкүлөр тапшырылсын:

белгиленген максималдуу штаттык сандын чегинде кызматтын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;

ички аудит кызматтары болууга тийиш болгон мамлекеттик органдардын жана мекемелердин түзүмдүк бөлүмдөрүн күтүүгө бекитилген чыгымдар сметанын чегинде кызматты түзүүгө байланышкан финансылык жана уюштуруу маселелерин чечүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>