Күйөөсү кордогон Айзаттын сүйлөө речинде көйгөй жаралды

Күйөөсү кордогон Айзаттын сүйлөө речинде көйгөй жаралды

Каракол шаарында күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынган Айзат Үсөнбаевага психологиялык жана психиатриялык экспертиза дайындалат. Бул тууралуу жактоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, экспертиза Бишкек шаарында жүргүзүлөт.

“Жабырлануучуга майыптык алуу үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Күйөөсүнүн ур-токмогунан улам психикалык жактан жабыркап, сүйлөө речинде көйгөйлөр жаралган. Анын 6 жаштагы баласында дагы ушундай эле көйгөй бар”, — дейт Рузиев.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүш иштери ооруканадан түшкөн маалымат боюнча жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Кийинчерээк зомбулукка кабылган Айзат Үсөнбаевага күйөөсүнүн бир тууганы тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы маалымдалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>