Акылбек Жапаров эң жакшы иштеген мамлекеттик органдарды атады

Акылбек Жапаров эң жакшы иштеген мамлекеттик органдарды атады

Бүгүн, 20-июлда Министрлер Кабинети 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүп жатат. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги быйыл мамлекеттик органдарды баалоо методикасына өткөнүн жана анын жыйынтыгын айтты.

“Биз мониторинг жүргүзүп көрдүк.  Анда “эң жакшы” деген баага 12 мамлекеттик орган татыса, “жакшы” деген баага 7 мамлекеттик орган илинди.  «Канаттандыраалык» деген баага 4 орган илинсе, «канаттандыраалык эмес» деп эки орган табылды”, — деп билдирди төрага.

“Эң жакшы” деген баага татыган мамлекеттик органдар:

  • Саламаттыкты сактоо министрлиги
  • Айыл-чарба министрлиги
  • Билим берүү жана илим министрлиги
  • Президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укукту өкүлү
  • Президенттин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү
  • Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү
  • Тышкы иштер министрлиги
  • Бишкек шаарынын мэриясы
  • Президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • Ош шаардык мэриясы
  • Энергетика министрлиги
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

“Жакшы” деген баа алган органдар:

  • Экономика министрлиги
  • Финансы министрлиги
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги
  • Ички иштер министрлиги
  • Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • Жаратылышы ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

«Канаттандыраалык» баага татыган органдар:

  • Маданият министрлиги
  • Транспорт министрлиги
  • Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • Жарандык авиация министрлиги

«Канаттандыраалык эмес» деп табылган органдар:

  • Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
  • Архитектура, курулуш турак-жай мамлекеттик агентти.

«Биздин кызматкерлер мониторинг жүргүзүп жатып бир канча дагы көйлөрдү аныкташкан. Планды аткарууда жоопкерчиликсиз мамиле жасоо, президентке сапатсыз маалыматтарды берүү. Маалыматтарды түшүнүгү жок адамдардын жазуусу,  көп учурда ишти администрация же текшерүү башталганда аткаруу сыяктуу көйгөйлөр”, — деди Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>