Кыргызстанда Кыргыз-Эмират бизнес кеңеши түзүлөт

Кыргызстанда Кыргыз-Эмират бизнес кеңеши түзүлөт

Кыргыз-Эмират бизнес форумунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча бир нече меморандумга жана келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.

Анын ичинде 11 миллион долларга эт жана бал жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары Кыргыз-Эмират Ишкерлер Кеңешин түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен БАЭнин Соода-өнөр жай палаталары федерациясы инвестиция жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Форумда сөз сүйлөгөн БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри өлкө туризмге, айыл чарбага, технологияга, ошондой эле жергиликтүү продукцияны экспорттоого инвестицияны көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>