Кыргызстандагы соодагерлер ачык-айкын кичи насыя системасына муктаж

Кыргызстандагы соодагерлер ачык-айкын кичи насыя системасына муктаж

Каржы институттарынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда бүгүнкү күндө кичи насыяга болгон суроо-талап күчтүү. Ал биринчи кезекте ар күндүк киреше-чыгаша менен жашаган жарандар үчүн керектүү.

Ош базарындагы соодагерлердин айтымында, контейнердин ижарасын, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин алардын акчасы таптакыр калбай калган учурлар болот. Ал эми товардын запасын болсо ар дайым толуктап туруу кажет. Мурун алар шашылыш учурларда акча каражатын бири-биринен, тууган-туушкандарынан алып турушкан. Бирок, пандемиянын башталышы менен баарынын эле абалы начарлаган. Ал эми ал учурда соодагерлерге кичи насыя берүү кызматынын жардамы тийип турчу. Таң эрте терминалдан бир нече миң сом акча каражатын алып, товар сатып алып, кечинде ал сумманы кайра кайтарып берип коюшчу. Бара-бара бул система да иштебей калды.

2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин, кичи насыя берүүчү компаниялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Соңку учурларда импорттолгон товарлардын баасы кымбаттап кеткенине байланыштуу, соодагерлер аларды төмөн баада сатууга аргасыз болуп көрө турчу пайдасы да азайганын айтышат. Кичи насыяга болгон суроо-талап болсо жогорулады. Буга карата альтернативанын жоктугунан улам соодагерлер ломбарддарга байма-бай катташууда. Бирок, көпчүлүгүндө күрөөгө койчу буюм деле калган жок. Муну менен катар базарларда контейнерлерди кыдырып, сатуучуларга карызга акча сунуштаган адамдар пайда болду. Кимдир бирөөлөр алар менен иштешип жатса, кээ бирөө алар менен байланыш куруп, шылуундардын кылтагына илинип калуудан коркот.

Интернет айдыңында болсо кичи насыяларды берүүчүлөргө коюлган бөгөт туура эмес болгонун айтып чыккандар арбыганы байкалат. Адамдар карыз акчага муктаж болгону менен алардын тандоосу жок.

«Депутаттар жөнөкөй адамдардын жашоо-турмушу кандай экендигин билишпейт. Ар бир адамдын жөнгө салынган так шарттар жана ишенимдүү жолдор менен ыкчам түрдө кичи насыя ала алуу укугу болушу керек», — дешет соцтармактардын колдонуучулары.

Белгилей кете турган болсок, бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө, анын ичинде Евробиримдикте, АКШда жана Жакынкы Чыгышта кичи насыя берүүчү компаниялардын иши мыйзамдаштырылган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>