Акылбек Жапаров Кубанын премьер-министрин Кыргызстанга чакырды

Акылбек Жапаров Кубанын премьер-министрин Кыргызстанга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Круз менен жолукту.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун бир катар келечектүү багыттарын белгилешти: соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөр, саламаттыкты сактоо жана туризм.

Министрлер кабинетинин төрагасы эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн кеңири чөйрөдө, өзгөчө соода-экономикалык эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы фармацевтика тармагындагы кызматташуунун келечегине токтолуп, кесиптешине учурда эл аралык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү стадиясында турган “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы тууралуу маалымат берди.

Акылбек Жапаров ошондой эле эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуусу үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгиледи.

“Кыргызстан жайкы жана кышкы туризм үчүн бай жаратылышка жана экологиялык ресурстарга ээ”, — деди ал.

Өз кезегинде Кубанын премьер-министри баардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирип, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарылдыгын белгиледи. Кубанын өкмөт башчысы медицина, фармацевтика жана туризм тармагындагы кызматташтыктын перспективалары тууралуу пикирин билдирди.

Жолугушуудан пайдаланып, Мануэль Марреро Круз кыргыз тарапка Куба Республикасына Евразия экономикалык биримдикте байкоочу статусун берүү маселесин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров Кубанын премьер-министрин каалаган ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>