Кемпир-Абад иши: Орозайым Нарматова камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши: Орозайым Нарматова камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозайым Нарматова 20-февралга чейин камакта калтырылды.

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Нарматованын баш коргоо чарасы каралып, мындан мурда Биринчи май райондук соту чыгарган чечим өзгөртүүсүз калтырды.

Эскерте кетсек, 27-декабрда соттук отурум учурунда Орозайым Нарматова эсин жоготуп, кулап калган. Андан кийин Бишкек шаардык сотуна тез жардам кызматы чакырылган.

Нарматованын ден соолугуна байланыштуу соттук отурум токтотулуп, 28-декабрга саат 15:00го жылдырылган.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Орозайым Нарматованын абалы айтылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>