2030-жылга чейин жоголо турган кесиптердин тизмеси

2030-жылга чейин жоголо турган кесиптердин тизмеси

Дүйнөдө күн сайын жаңы кесиптер пайда болуп жатат, эскилер болсо өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, же жаңы нерсеге трансформацияланууда. Орусиялык «Жаңы кесиптердин Атласы» аттуу билим берүү долбоору эскирип бара жаткан жана жоголо турган кесиптерди атады.

Аталган долбоор жаңы муундун келечекте өзүнүн жөндөмдүүлүгүн акылга салып өнүктүрүп, туура кесиптин ээси болушу үчүн иштелип чыккан.

Алардын божомолдору боюнча, 34 тармак бир кыйла өзгөрүүгө учурайт, натыйжада жаңы кесиптер пайда болуп, эскилер жоголот. Төмөндө эскирип бара жаткан жана жоголо турган кесиптер менен тааныша аласыз.

2030-жылга чейин жоголо турган кесиптер:

Бухгалтер

Маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен бухгалтердик эсепти жакынкы келечекте атайын программалар аткарып калат. Бухгалтер кесиби толугу менен жоюлуп кетпесе дагы бул кесипке болгон суроо талап азаят. Ал эми кээ бир гана мекемелерге маалыматардын тактыгын жана отчетторду текшерүү үчүн гана бухгалтерлер алынышы мүмкүн.

Корректор

Учурда редактор программалар тексттерди окуу жолдорун жеңилдетип келет, ал каталарды таап, синонимдерди сунуштап, тексттин плагиат экендлигин аныктайт. Убакыттын өтүшү менен текст менен иштөө жеңил болуп калат. Мисалы, 2017-жылдын январь айында кытай окумуштуулары жергиликтүү гезитке 300 иероглифтен турган макала жарыялаган Сяо Нань роботун ойлоп табышкан. Материалды бүтүрүү үчүн роботко бир нече секунд гана талап кылынган.

Китепканачы

Салттуу китепканалар электрондук вариантка өтөт. Бирок, басмаканадан чыккан китептерди алууну каалагандар болот. Балким, китепканачылардын ордун роботтор толуктайт.

Турагент

Бул кесиптин ээсин толугу менен каталогдор алмаштыра алат. Социалдык тармактарда эс алуудан кийин эс алуучулардын калтырган мүнөздөмөлөрү  отпуск үчүн жакшы вариант издеп жаткан кардарлар үчүн жакшы табылга боло алат.

Каскадёр

Кооптуу кесип заманбап технологиялар өнүгүп,  экрандагы адамды дубляж кыла алганда өзүнүн актуалдуулугун жоготот.

Юрисконсульт

Жасалма интеллект укук таануу тармагындагы адистердин кээ бирин жоюп коюшу ыктымал. Ал эми соттук териштирүүлөр, айыпталуучуну жактоо жаатындагы адистер актуалдуу бойдон калат.

Банктык кызматкер

Терминал, мобилдик тиркемелер биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калды. Келечекте банктык кызматкердин да кесиби жоголот.

Экскурсовод

Музейдин кызматкерлерин аудиогиддер жана онлайн экскурсиялар алмаштырат. Экспонаттын тарыхын каалаган тилде кулакчын менен угууга болот. Же болбосо музейге онлайн саякатка барса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кесип

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>