Бишкекте 41,6 млн сомдук 7,2 сотых жер мамлекетке кайтарылды, — УКМК

Бишкекте 41,6 млн сомдук 7,2 сотых жер мамлекетке кайтарылды, — УКМК

Бишкекте Панфилов сейил багындагы баасы 41,6 млн сом болгон жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттин эсебине кайтарылган жердин аянты 0,072 гектарды (7,2 сотых) түзөт. УКМКнын маалыматы боюнча 2008-жылы мэриянын айрым кызмат адамдары ишкерлер менен сүйлөшүп алып, аталган жерди (Панфилов сейил багындагы жайкы кинотеатр) жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген. Мыйзамга ылайык ал жеке менчикке берилбей турган жер болгон.

Жер тилкеси менчикке берилип кеткенден кийин улам бир адамга сатылып отуруп, азыркы ээси М.С.У. аттуу жаран болгон. УКМК билдиргендей, аталган жаран жер тилкени кайтарымсыз түрдө муниципалдык менчикке өткөрүп берди. Жердин баасы 41 млн сом 678 миң сомду чапчыйт.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>