«Жашыруун улутчул топтун мүчөсү» делген үч өспүрүм 2 айга камалды

«Жашыруун улутчул топтун мүчөсү» делген үч өспүрүм 2 айга камалды

УКМК тарабынан «жашыруун улутчул топтун мүчөсү» деп кармалган үч өспүрүм камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р. аттуу өспүрүмдөрдүн бөгөт чарасы 2-августта каралып, УКМКнын тергөөчүсү сотко шектүүлөрдү камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Соттун чечими менен үч өспүрүм 1-октябрга чейин камакка алынган.

Алар тергөө жүрүп жаткан учурда УКМКнын тергөө абагында камакка болот.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга белгисиз балдар өспүрүмдөрдү уруп, артынан кууп жүргөнү тартылган видео тарап, милиция ал боюнча териштирүү иштери башталганын билдирген. 1-августта Бишкек шаардык милициясы соцтармактарга тараган видео боюнча 2008-жылы туулган О.Р., 2006-жылы туулган С.Б., 2006-жылы туулган С.Г. аттуу өспүрүмдөр тергөө кызматына жеткирилгенин кабарлаган.

Кийинчерээк бул иш боюнча УКМК билдирүү жасап, кармалгандар «жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү» экенин, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттары (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Ошондой эле, аталган топко тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо иштери жүрүп жатканы айтылган. 

Милиция кармаган 3 өспүрүм УКМКга камакка алынды

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>