Алдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыгарылды

Алдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыгарылды

Алдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өмүрбековдун бөгөт чарасы 20-мартта каралып, тергөөчү келтирген өтүнүч боюнча ал үй камагына чыгарылган. Эми ал 1-майга чейин үй камагында болот.

Белгилүү болгондой, Өмүрбеков жабырлануучуга келтирилген зыянды төлөп бергени үчүн бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.

ИИМдин маалыматы боюнча, Бекзат Өмүрбеков менен Ш.Т. аттуу киши жарандардын бирине облустардын бирине жетекчилик кызматка орноштурууну убадалап 50 миң доллар алып, алдап кеткен. Алар өлкө жетекчилиги менен байланышы бар экенин айтып, жабырлануучунун ишеничине кирген. Бирок айтылган убада аткарылбагандыктан алданган жаран 2023-жылы 21-июнда милицияга арыз жазган.

2-мартта ИИМ Бекзат Өмүрбеков алдамчылыкка шектелип кармалганын кабарлаган.

Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин камалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>