«Элдик” депутаттык тобу Аравандагы авариялык абалдагы мектепти көрүштү

«Элдик” депутаттык тобу Аравандагы авариялык абалдагы мектепти көрүштү

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү көчмө жыйын алкагында Ош облусунун Араван районуна барып, Гүлбаар айылындагы Т.Бектенов орто мектебинде болушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мектеп СССР учурунда 1928-жылы ашар жолу менен курулган. Учурда авариялык абалда. Имарат 2015-жылы катталган жер титирөөдө да жабыркаган. Аталган авариялык абалдагы мектепте азыркы тапта 550 окуучу билим алат экен.

“Элдик” депутаттык тобу жыйында катышып жаткан Финансы министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө маселени карап чыгып, Т.Бектенов атындагы мектептин имаратын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылана турган объектилердин тизмесине киргизүү тууралуу тапшырма беришти.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>