Ички аскерлердин делегациясы IDEF-2023 көргөзмөcүнө катышты

Ички аскерлердин делегациясы IDEF-2023 көргөзмөcүнө катышты

ИИМдин Ички аскерлеринин делегациясы Стамбул шаарында өткөн Түркиянын улуттук коргоо тармагы боюнча 16-эл аралык IDEF-2023 көргөзмөcүнө катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Түркиянын Жандармериясынын башкы кол башчысынын чакыруусу менен Ички аскерлердин кол башчысы, полковник Дамир Алыбаев менен подполковник Дамир Алыкулов көргөзмөгө катышып келген. Иш-чара 23-29-июль күндөрү болуп өткөн. IDEF – 2023 көргөзмөсү дүйнөдөгү коргонуу багытындагы эң абройлуу көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

26-июлда Кыргызстандан барган делегация Түркиянын Жандармериясынын башкы кол башчысы Ариф Четин менен жолугуп, бир катар маселелер боюнча пикир алмашкан.

«Түркиянын Жандармериясы менен Ички аскерлердин ортосунда мамилелер ого бетер чыңдалып, эки тарап мындан ары бир топ багыттар боюнча кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү аракетин көрүштү», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>