Алматыда кыргызстандык ишкерлерге кысым болуп жатканы айтылды. ТИМ үн катты

Алматыда кыргызстандык ишкерлерге кысым болуп жатканы айтылды. ТИМ үн катты

Тышкы иштер министрлиги депутат Жанар Акаевдин «Алматыдагы «Алтын-Ордо» базарындагы кыргызстандык ишкерлерге полиция тарабынан кысым болууда» деген билдирүүсү боюнча үн катты.

14-февралда Жанар Акаев парламенттин жыйынында 2023-жылы Алматыда «Алтын-Ордо» базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев жалган-жалаа менен кармалганын айтып, эми аталган базарда иштегендерден Маркабаевге каршы жасалма көрсөтмө алуу үчүн кысым жасалып жатканын айтып чыккан.

«Буга чейин кыргызстандык Эрмек Маркабаевге маңзат сала коюп, жалган-жалаа менен кармалган. Эми Алматыдагы күч органдары «ага (Маркабаевге — ред.) карата жалган көрсөтмө бер» деп биздин мекендештерибизди кыйнап жатыптыр. «50 миң доллардан ашык акчага сатып алган контейнерлерибизди, ичиндеги товарларды рейдерлик жол менен алып койду» деп жатышат», — деп билдирген Акаев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы Башкы консулдукка кыргызстандык ишкерлерден жамааттык арыз түшкөнүн ырастап, ишкерлер укугун коргоого жардам сураганын билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Башкы консулдук аталган маселе боюнча Казакстандын ТИМинин Алматыдагы өкүлчүлүгүнө жана Карасай райондук полицияга тиешелүү кайрылуу (нота) жолдогон. Ошондой эле «Алтын-Ордо» соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландалууда.

«Учурда Казакстан тарап аталган кырдаалды жөнгө салуу үчүн Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик белгилегендей, Башкы консулдук арыз жазган ишкерлерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, маселени Казакстандын мыйзамдары алкагында чечүү үчүн адвокат жалдоону сунуштаган.

ТИМ белгилегендей, бул маселе алардын жана Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турат.

Эскерте кетсек, Алматыдагы «Алтын-Ордо» базарынын аткаруучу директору болгон кыргызстандык Эрмек Маркабаев 2023-жылы 2-июнда полиция тарабынан кармалган. Алматынын полициясы Маркабаев маңзат менен кармалганын кабарлаган. Ошол эле учурда ишкердин өзү ага баңгизат салып коюшканын, бул иш «Алтын-Ордо» базарынын 20%ын тартып алуу үчүн коркутуу, кысым көрсөтүү максатында жасалып жатканын билдирген.

Быйыл 5-февралда сот ишкер Маркабаевди 4 жылга абакка кескен.

Депутат Алматыда кыргызстандык ишкерлерге полиция кысым көрсөтүп жатканын айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>