Алмаз Аттокуров жана Мурат Байдылдаев кызматка дайындалды

Алмаз Аттокуров жана Мурат Байдылдаев кызматка дайындалды

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун эки орун басары дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Аттокуров Алмаз Анарбекович жана Байдылдаев Мурат Курманбекович Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Рамис Алыкулов жана  Данияр Исаматов Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарлары кызматтарынан бошотулду.

Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>