Окуучулар үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтүүдө

Окуучулар үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтүүдө

Мектеп окуучулары үчүн 6-февралдан 13-февралга чейин Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Иш-чара министрлик жана «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулууда.

Жумалыктын алкагында окуучулар Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, ЖОЖдордун окутуучулары, фабрикалардын инженерлери менен жолугушуп, долбоордук конкурстарга катышып, чыгармачылык көргөзмөнү көрө алышат.

11-13-февралда Чолпон-Ата шаарында өтө турган мектеп окуучуларынын «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» республикалык илимий-техникалык олимпиадасына 10 команда катышат.

«Олимпиаданын биринчи турунда командалар Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн туннелдердин долбоорлорун эсептөө жана негиздөө боюнча баяндамаларды жасашат. Экинчи турда командалар колдо болгон материалдардан макеттерди даярдашы керек. Үчүнчү турда окуучулар тоо шарттарында туннелди бургулоо үчүн станоктордун моделин иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча долбоорлорду коргошот», — деп айтылат маалыматта.

13-февралда илимий-техникалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>