Өкмөт Ысык-Көлдү өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга 9 тапшырма койду

Өкмөт Ысык-Көлдү өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга 9 тапшырма койду

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 8-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кеңейтилген коллегиялык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында облустун 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары, ошондой эле ушул жылга карата пландары каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары 2023-жылдагы иштин негизги багыттарын белгилеп, аймактын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Коллегиялык отурумдун жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:

⁃ айыл өкмөт башчыларын, акимдердин орун басарларын аттестациядан өткөрүү;

⁃ айыл өкмөттөрүнүн жана айылдардын чегинде облусту өнүктүрүүнүн жылдык планын иштеп чыгуу;

⁃ ирригациялык системаларды тазалоо жана жазгы-талаа иштерине даярдоо иштерин жүргүзүү;

⁃ туристтик сезонго даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүү;

⁃ «е-Кызмат», «Санарип аймак», «Инфодокс» маалыматтык системаларынын толук ишке киргизилишин камсыз кылуу;

⁃ региондун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, атап айтканда, базарларда жана дүкөндөрдө бааны турукташтыруу боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу;

⁃ атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны экспорттоо боюнча долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл буруу;

⁃ “40 район – 40 товар” программасынын алкагында 40 бренд сунуштоо;

⁃ аймактын инвестициялык паспортун кароого сунуштоо.

“Натыйжалуу ишибиз аркылуу гана калктын ишенимине ээ болуп, алардын жашоо деңгээлин реалдуу түрдө жакшырта алабыз”, — деп жыйынтыктады сөзүн Адылбек Касымалиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>