Эртең өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт

Эртең өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт

Эртең, 24-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдады.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Аба ырайы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус.

Эртең, Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>