Алты айдан бери дайынсыз болгон Батирбек Жураев аман-эсен табылды

Алты айдан бери дайынсыз болгон Батирбек Жураев аман-эсен табылды

Жалал-Абад облусунда алты айдан бери дайынсыз болуп жаткан Батирбек Жураев Талас облусунан табылды, деп билдиришти облустук милициядан.

Маалыматка караганда, 8-февраль күнү облустук милициянын басма сөз кызматы тарабынан Базар-Коргон районунун 37 жаштагы Батирбек Жураев аттуу тургуну 2022-жылдын 26-июлунан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган.

«Бул маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан 38 жаштагы Батирбектин жүргөн жери боюнча маалымат милицияга келип түшкөн. Ал 2022-жылдын июль айынын аягында Талас облусуна барып, Кара-Буура районунун Аманбаев айылында бирөөнүн койлорун багып жүргөндүгү белгилүү болду.

Бүгүн 10-февралда Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери Батирбекти Таластан алып келишип, туугандарына өткөрүп беришти, — деп билдиришти милициядан.

Милициядан белгилешкендей, Жураевдин туугандары ЖМК өкүлдөрүнө жана милицияга ыраазычылык билдиришип, үйлөрүнө кайтышкан.

Белгилей кетсек, Батирбек Жураев психикалык жактан жабыркап, эс тутуму начар болгон.

Жалал-Абадда 38 жаштагы Батирбек Жураев изделүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>