Тендерге катышкан компаниялардын «кара тизмесин» түзүү сунушталды

Тендерге катышкан компаниялардын «кара тизмесин» түзүү сунушталды

Өлкөнүн финансы боюнча санариптик «түгөйүн» иштеп чыгып, иште жаңы ыкмаларды колдонуу зарыл. Өткөн жыл жакшы жыйынтыкталды. Ички дүң продукциянын өсүү темпи 919,4 млрд сомду түзүп, 1 трлн сомго жакындап, өсүү 107%ды түздү. Бул көрсөткүчтөр макроэкономикалык туруктуулукту сактоого гана эмес, алдыга жылууга да шарт түзөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигиин кеңейтилген коллегиясынын жүрүшүндө билдирди.

Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга пландары каралды.

Акылбек Жапаров биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында финансылык резерв алынганын жана бул көптөгөн чечимдердин, анын ичинде 117 млрд сом өлчөмүндө рекорддук каражат бөлүнгөн антикризистик чаралардын аркасында мүмкүн болгонун белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик сатып алуулар системасына өзгөчө басым жасады, министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, аны кайра карап чыгуу жана өркүндөтүү зарыл.

«Мамлекеттик сатып алуулар системасы татаал бойдон калууда жана жетиштүү түрдө ийкемдүү эмес. Ошондой эле мамлекеттик сатып алууларга катышкан компанияларга талаптарды күчөтүп, мындай компаниялардын «жашыл» жана «кара» тизмесин түзүү зарыл. Акыркыларды тендерге катыштырбоо керек», — деп белгилеген Акылбек Жапаров жана 2023-жылдын 1-кварталынын соңуна чейин мамлекеттик сатып алуулар тутумун иретке келтирүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугуна токтолуп, министрликтердин аймактык түзүмдөрүнүн өзгөчө ролун белгиледи.

«Мектептердин курулушу, жолдорду оңдоо, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө сыяктуу бардык чыгымдар тууралуу маалыматтар райондук финансылык башкармалыктар аркылуу өтүшү керек. Бул ишти көзөмөлгө алыңыздар», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Маалымдама

Финансы боюнча санариптик түгөйү — бул компаниянын кыймыл-аракетинин модели, анын жардамы аркылуу компаниянын учурдагы финансылык агымын көзөмөлдөп, келечегин болжолдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>