Жоокерлердин өлүмү боюнча коргоо министрин жоопко тартуу керек, — делегат

Жоокерлердин өлүмү боюнча коргоо министрин жоопко тартуу керек, — делегат

Аскердеги жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу коргоо министри Бактыбек Бекболотовду трибуналга бериш керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайга Чүйдүн Кемин районунан делегат болуп келген Курманалиев билдирди.

Ал министрди сот жообуна тартыш керек экенин белгиледи.

«Кыргыз армиясыгдагы «дедовщинадан» алты айда алты бала өлдү. Эмне үчүн коргоо министри жооп бербейт?! Коргоо министрин трибуналга бериш керек, сот жообуна тартуу зарыл», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда аскерге кызмат өтөөгө барган жоокерлер каза болгон учурлар көп кездешет. Коомчулукта жоокерлердин өлүмүнө «дедовщина» себеп болгону айтылат. Бирок Коргоо министрлиги аскерде «дедовщина» жок экенин, өлүм учурлары кокустуктан же жоокер өзүн-өзү атып алганынан болгонун билдирип келет.

Кат жазып кеткен: Министр эки жоокердин өлүмүнүн себебин айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>