Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет

Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет

Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгилент. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 23-сентябрда Жалал-Абад шаарында Т. Байзаков атындагы атындагы сейил бакка акындын айкели орнотулуп, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде илимий-практикалык конференция уюштурулат. Андан тышкары «Курманбек» стадионунда мааракелик иш-чара өтүп, акындын обондуу ырлары жаңырат.

Ошондой эле, октябрь айында Бишкек шаарында акындын 100 жылдыгына карата А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында китеп көргөзмөсү, конференция жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында эскерүү кечеси өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>