Америкалык актриса менен Валентина Шевченко бирге тартылган тасма ушул жылдын аягында чыгат

Америкалык актриса менен Валентина Шевченко бирге тартылган тасма ушул жылдын аягында чыгат

UFC’нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык актриса Хэлли Берри менен бирге тартылган тасма ушул жылдын аягында чыгат. Бул тууралуу «Баракелде» жазды.

Актриса Хэлли Берри 9-февралда кыргызтандык мушкер менен америкалык Кэтлин Чукагянды утуп, 3-жолу чемпиондук курун коргоп калган күнү жолукту. Ал беттешке Шевченкону колдоо үчүн келип, андан соң жеңиши менен куттуктаган.

«Хэлли Берри — мыкты адам. Ал турнирге келгенине абдан кубанычтамын. Беттешке чыгардын алдында мага келип, ийгилик каалады. Бул абдан өзгөчө учур болду. Мындай көрүнүштөр сага дем-күч берет. Андан соң жөн гана мушташып кое албайсың. Сен 100 пайыз күчүңдү көрсөтүшүң керек.

Биз 2 ай чогуу машыгып, иштедик. Кийин бирге тасмага тартылдык. Ал тасманы жылдын аягында көрөбүз деп ишенем», — деди Шевченко.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>