Антимонополия кызматы бөлкө нан менен тандырда жабылган токочтун баасын белгиледи.
Мекеменин маалыматында, бөлкө нан Бишкекте дүңүнөн 52 сом 50 тыйын (1 килограммы), калган аймактарда — 56 сом 50 (1 килограммы) тыйындан ашпай сатылышы шарт.
Бөлкөнүн килограммына чекене баа — 62 сом 50 тыйын, калган аймактарда — 65 сомду түздү.
Тандыр нандын 1 килограммы Бишкекте дүңүнөн 89 сом турса, чекене баасы 100 сомдон ашпашы керек.
Чүй, Нарын облустарында дүңүнөн 92 сомго, чекене — 101 сомго сатылат. Ысык-Көл, Баткен облустарында дүңүнөн — 99 сом, чекене — 116 сом, Талас, Ош, Жалал-Абад облустары дүңүнөн — 89 сом, чекене — 100 сом турат.
Белгилей кетсек, бул 1-сорттогу ундан жасалган нандын наркы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз