logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Антонина Шевченко майдын ортосунда Андреа Ли менен беттешет

Антонина Шевченко майдын ортосунда Андреа Ли менен беттешет

Кыргызстандык мушкер айым Антонина Шевченко UFC 262 турниринде Андреа Ли менен беттешет.

Турнир АКШнын Лас-Вегас шаарында жайгашкан “UFC Apex” спорт аренасында 16-майда, Бишкек убактысы менен таңкы саат 06:00дө өтөт.

Антонина Шевченко UFC уюмунда 5 беттешг өткөрүп, анын үчөөндө жеңишке жеткен. Соңку ирет өткөн жылдын 22-ноябрында UFC 255 турниринде бразилиялык Адриана Липскини техникалык нокаут менен утуп алган.

Ал эми Андреа UFC уюмунда 6 беттеш өткөрүп анын үчөөндө жеңип, калган үч кармашын уттуруп койгон.

UFC 262 турниринин негизги беттешинде Доминик Рейес менен Иржи Прохазка беттешет.

Белгилей кетсек, буга чейин Антонинанын сиңдиси Валентина Шевченко UFC 261 мелдешинде 5-ирет чемпиондук наамын ийгиликтүү коргогон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>