“Досум Бишкекке келгенби?”. Чек ара чырында жабыркаган жигит каза болгон досун сурап

“Досум Бишкекке келгенби?”. Чек ара чырында жабыркаган жигит каза болгон досун сурап

Досум экөөбүзгө дагы ок тийди. Бири-бирибизди жыгылып калбайлы деп сүйөп жаттык. Бул тууралуу кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган жигит билдирген.

“Головнойдон кабар келгенде айылдан көп эле балдар бардык. Жанымдагы дайым бирге жүргөн досум мага күч, кайрат берип турду. Коңшулар автоматтар менен аткылап башташканда дагы, биз Головнойду бербейбиз деп катуу турдук. Дээрлик келгендердин баары эле жаракат алышты окшойт. Досум экөөбүзгө дагы ок тийди. Бири-бирибизди жыгылып калбайлы деп сүйөп жаттык. Ошентип 8 сааттан ашык созулган тирешүүдө мен 6-саатта өзүмдү жоготуптурмун, Баткенде ооруканадан гана өзүмө келиптирмин”, – деген баатыр жигит.

Ал бул окуяларды айтып жатып, апасынан: «досум Бишкекке келгенби? Ал кайсы ооруканада? Же Баткенде калдыбы?», деп сураган.

Журналисттердин айтымында, жигит досунун шейит кеткенин уга элек экен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>