Бишкекте ылдам жүрүүчү автобустар каттай башташы мүмкүн

Бишкекте ылдам жүрүүчү автобустар каттай башташы мүмкүн

Бишкекте тез жүрүүчү автобустарды каттамга чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган автобустар үчүн атайын жол тилкелери бөлүнүп, алар газ менен жүрөт.

Учурда анын долбоору иштелип чыккан.

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги шаардыктардын назарына Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду сунуштайт:

— «Бишкек шаарында жогорку ылдамдыктагы автобустук каттамдарды киргизүү»;

— Айтматов — А. Масалиев проспектилерин көрктөндүрүү;

— таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу;

— «Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жана Бишкек шаарынын жээктерин жакшыртуу»;

— Кара жыгач токой паркын жашылдандыруу;

— «Көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай».

«Долбоорлор Бишкек шаарында жагымдуу бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана Бишкек шаарынын экономикасына инвестицияларды жана гранттарды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан», — деп билдирет мэрия.

Сунушталып жаткан долбоорлор

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>