Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Аркан менен секирген киши каза болгон FlyJump комплексинин ээси үй камагына чыкты
09.07.2024 | 12:43
Аркан менен секирүү учурунда киши каза болгон FlyJump спорт комплексинин ээси Н. уулу А. үй камагына чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Н. уулу А. 6-июль күнү кармалган. Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы ага «Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу» айыбы менен иш козгогон.
Эскерте кетсек, 6-июль күнү саат 13:30дар чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан Fly Jump спорт комплексинде бийиктиктен секирүү учурунда аркан үзүлүп кеткен. Натыйжада 1985-жылы туулган Б.А., окуя болгон жерде көз жумган.
https://reporter.kg/arkan-menen-askadan-sekirgen-kishi-koz-zhumdu-flyjump-sport-kompleksinin-eesi-karmaldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар