Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Кытай жараны 355 миң долларды Өзбекстанга алып өтмөкчү болгон
09.07.2024 | 11:49
53 жаштагы Кытай жараны кыргыз-өзбек чек арасында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.
Ал “Достук” өткөрүү пункту аркылуу 355 миң доллар накталай акчаны Өзбекстанга алып чыгып кетип жаткан.
УКМК валютаны алып чыгууга чектөө коюлганын белгилейт. Ага ылайык чет өлкөлүк жарандар 5 миң доллардан ашык сумманы алып чыга албайт. Өлкөнүн жарандары жана резиденттер 10 миң долларга чейин гана алып өтө алышат. Белгиленген чектен ашкан учурда 10 % өлчөмүндө төлөм алуу каралган.
Рубрики: Жаңылыктар