Апасын мастан коргоо үчүн кишиге бычак сайган өспүрүм үй камагына чыкты

Апасын мастан коргоо үчүн кишиге бычак сайган өспүрүм үй камагына чыкты

Апасын мас кишиден коргоо үчүн бычак сайган16 жаштагы өспүрүм боштондукка чыкты. Бул туурасында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин Юстиция министри Аяз Баетов жана Акыйкатчы Атыр Абдрахматова апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган 16 жаштагы өспүрүмдүн апасы менен 29-майда жолуккан.

Атыр Абдрахматова өспүрүмдү коргойм дегендер көп болгону менен апасы Акыйкатчы институтунун кызматкерине такыр башкача маалымат берип турганын айткан.

“Юстиция министри менен окуя болгон жерге барып, өспүрүмдүн апасынын өзүнөн окуянын чоо-жайын уктук. Мамлекет тараптан кепилденген акысыз, балдар укугун жактоодо тажрыйбасы бар жактоочу дүйшөмбү күнү Юстиция министрлиги тараптан расмий бекитилмей болду. Министр Аяз Баетов дагы иш жеке көзөмөлүндө болгонун ырастады. Буга чейин бул иш менен иштеген жактоочунун иш-аракетине да министрлик баа берерин убадалады”- деп билдирген.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда милицияга Рыскулов көчөсүндө бычактан жаракат алган эркек кишинин жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуяда мас абалындагы эркек киши менен мейманкананын администратору уруша кеткендиги, администратордун уулу апасын коргоо максатында бычак алып чыкканы, жаран ага карай чуркап, бычак анын курсак тушуна сайылганы аныкталган. Ал хирургиялык борборго жеткирилип, операция жасалган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2005-жылы туулган өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүмдүн иши боюнча жаңы жагдайлар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>