Аселдин кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесов аталык укуктан ажыратылды

Аселдин кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесов аталык укуктан ажыратылды

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов аталык укуктан ажыратылды. Бул тууралуу жактоочу Индира Саутова билдирди.

Иш кечээ Сокулук райондук сотунда каралды. Тергөө абагында отурган айыпталуучу процесске онлайн катышкан.

Сот Асел Ногойбаеванын доосун канааттандырып, Азамат Эстебесовду аталык укуктан ажыратты.

Белгилей кетсек, Асел Ногойбаеванын эки өспүрүм курактагы уулу бар.

Эскерте кетсек, коомчулуктун үрөйүн учурган кырсык 2023-жылдын 20-сентябрында Селекция айылында болгон. Азамат Эстебесов беш жыл мурда ажырашкан Асел Ногойбаеванын батирине таң эрте кирип келип,  сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Мунун баарына кичүү уулу күбө болгон. Бул боюнча ишти кароо Сокулук райондук сотунда 23-январда улантылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>